kyrgyz ch 8 - resources for missions · абдан эле аз убакыт болобуз –...

31
8-Бөлүм: Кудайга кызмат кылуунун алгачкы жылдары 8-Бөлүм: Кудайга кызмат кылуунун алгачкы жылдары 8-Бөлүм: Кудайга кызмат кылуунун алгачкы жылдары

Upload: others

Post on 03-Mar-2020

6 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

8-Бөлүм: Кудайга кызмат кылуунун алгачкы жылдары

8-Бөлүм: Кудайга кызмат кылуунун алгачкы жылдары

8-Бөлүм: Кудайга кызмат кылуунун алгачкы жылдары

Page 2: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Карагыла, жер бетин бүт күнөөдөн

арылтуучу Кудайдын Козусу

келе жатат.

Бул Машайак!

Пайгамбарлар айткан Киши

ушул. Ал эми эмне

кылат?

Ыйсаны ээрчигиле.

Устат биз сизди ээрчийбиз жана

шакиртиңиз бололу. Сиз кай жерде

турасыз?

Бирок мен сизди таштап кете албайм,

Устат.

Мен сенин устатың эмесмин. Мен эми өчө турган адаммын, ал

эми Ал өсө турган Адам. Ал чыны менен эле дүйнөнү куткаруучу

Машайак. Аны ээрчи.

Келгиле, көргүлө.

Натаниел кайда?Ал мөмө-

жемиш багында эле.

Бир нерсе болдубу?

Жок, баары жайында.

Ал да Кудайдын мыйзамдарына баш ийип,

Машайакты күтүп жүргөн.

Куп болот, Устат, биз сиди күтүп жүргөнбүз, бирок

биринчи мен Натаниелди таап келейин.

Филип, мени ээрчи.

Жакан 1:35, 43-45, 3:30-31

178

Page 3: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Натаниел сен

кайдасың?

Кел бул жакка бир тууганым.

Натаниел, биз Муса жана башка

пайгамбарлар жазып кеткен Машайакты

таптык. Ал Назареттик Ыйса, Мариямдын

уулу экен.

Машайакты? Сен аны менен сүйлөштүңбү? Назареттик дейсиңби?

Назареттен эч кандай жакшылык келбеш керек эле. Машайак кантип эле ушул кедей жана жийиркеничтүү жерден чыксын? Ал

Жүйүттүн Бейт-Лехеминде төрөлүшү керек эле.

Жүрү, өзүң барып көр. Жакан

Аны сыноодон өткөрдү, Андрей да

Аны менен.

Чыны менен эле, бул жерде таза жүрөктүү

Ысрайылдыктар экен.

Эч нерсе айтканым

жок.

Сен мени билбейсиң. Кантип сен менин

жүрөгүмдүн таза экенин айтып жатасың?

Сен мени кантип көрө

койдуң? Менин ал жерде

отурганымды эч ким билген

эмес.

Кудайдын Уулусуң. Сен Ысрайылдын

падышасысың.

Филип сени чакыра электе эле, сен анжыр дарагынын астында

отурганыңда мен сени көргөм, көргөнмүн.

Ал сени таң калтырып жатабы? Сен мындан да улуу кереметтерди көрөсүң. Сен али, асман ачылып

Кудайдын периштелеринин менин үстүмө түшүп жана чыгып атканын көрөсүң.

Жүрү. Биздин алдыбызда далай иштер турат.

Жакан 1:45-51

Филип, мен жөнүндө

ага бир нерсе деп

айттыңбы?

179

Page 4: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Андрей да Ыйса жөнүндө айтып берейин деп, өзүнүн

бир тууганын издеп жөнөдү.

Шымыйон биз Жакан айткан

Машайакты таптык

Качан? Кайда? Ал кандай экен? Аны

башка ээрчигендер да бар бекен?

Жүрү, өзүң

барып көр.

Сен Жунустун уулу Шымыйонсуң,

бирок мындан ары сенин атың Петир болот.

Мен кемемди үй-бүлөмө таштап, сени

ээрчип жөнөйм.Ошентип, Ыйса өзүнө аны ээрчиген жана анын окутууларын үйрөнгөн 12 адамды тандап алды.

Алар 12 шакирт деп аталып калат. Алар шаардан шаарга падышачылык жөнүндөгү

Жакшы Кабарды таратып жүрүштү.

Ыйса жана анын шакирттери ийбадатканага сыйынуу үчүн

киришти, бирок ал жер сатуучу адамдарга толо эле.

Ыйык кызмат кылуучулардын башы

паракорлукка байланган. Алар ийбадаткананын ичинде эмне пайда алып келсе ошону

сатып жатышат.

Эмне үчүн мен ийбадатканага

бергенге чейин акчамды

алмаштырышым керек? Силер абдан жакшы

пайда таап жаткансыңар го.

Дин кызматкерлер

ага уруксат беришти.

Жакан 1:40-42, 2:12-14; Марк 3:16

180

Page 5: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Ал эмне кылып жатат? Ал ошол турган жеринде бир сааттай унчукпай, арканды

айландырып тура берди.

Биз бүгүн абдан жакшы пайда таптык. Бул жөн эле жашоо үчүн иш аткарууга

караганда, жакшыраак.

Камчы! Ал камчы жасап

жатат!

Менин атамдын үйү сыйынуу жайы, а силер

болсо, муну уурулардын уясына айландырып

жиберипсиңер. Тазалагыла бул жерди. Болгула!

Анын атасынын үйү! Ал өзүн ким деп ойлоп жатат?

Машайак?

Менин атамдын үйүн соода үйүнө айландырбагыла. Эй келжиреген

уурулар.

Жакан 2:15-16

Тарс!Тарс!

181

Page 6: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Эй жыландын балдары. Силер жесирлерди ачка калтырасыңар.

Ухх!

Ал өзүн жетекчимин деп ойлоп жатабы?

Ушул кылганыңар үчүн силер

көпкө сыйынасыңар.

Силер өз жакыныңарды сүйбөйсүңөр; силер анын

акчасын сүйөсүңөр.

Матай 6:5-7, 12:34; Жакан 2:15-16; 1-Тиметей 6:10

Чып!Чып!

Карс!Карс!

Дүп!Дүп!

Тарс!Тарс!

182

Page 7: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Кийинки жолу силер менин атамдын үйүнө

келгенде, өз күнөөңөрдү мойнуңарга алгандай

болуп келгиле.

Дөөттүн Машайак жөнүндө айткан

жерин эстедиңби? Ооба, «Мени

кызганыч жеп жатат, анткени менин

душмандарым Сенин сөздөрүңдү унутуп

коюшту».

Ыйык Китеп жазуучулар, Машайак

ийбадатканага капысынан кирип келет, деп

окутушат.

Менимче, сен Жакан айтып жаткан Назареттик Ыйса Машайак окшойсуң.

Сен бүгүн аябай зор дүрбөлөң көтөрдүң. сени кандай белги

көрсөтүп турат?

Менин Машайак экенимдин далилдөөсүн, силер бул

ийбадаткананы бузганыңарда көрөсүңөр. Мен аны үч күндүн

ичинде кайра тургузам.

Бул ийбадаткананы курууга 46 жыл керек

болду, анан сен аны үч күндө кайра куруп коё аласыңбы? Ал барып

турган акмактык!

Эгер сен бул жерге кайтып

келсең, биз сени каматабыз.

Ал ийбадаткана деп өзүнүн денеси жөнүндө айтты, бирок ал аны аларга түшүндүрүп айткан жок.

Забур 68:9, 118:139; Жакан 2:17-22

183

Page 8: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Ыйса өзүнүн шакирттери менен Иерусалимден чыгып, өзүнүн шаарчасы болгон Назаретке, түндүктү карай чыгып

кетти.

О Ыйса, сен үйгө келдиң. Бардык

досторуңду алып кел, биз аларга жакшы тамак

жасап беребиз.

Апа, биз бул жерде абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка

чейин.

Ыйса, үйрөнгөн адаты боюнча, синагогага

кирип, Жүйүттөрдүн диний табынуусу

Шаббатты майрамдоо үчүн барды.

Биз жердешибиздин башкалар менен келгенине кубанычтабыз. Биз кызык

нерселерди уктук. Биз ал жөнүндө, кийинчерээк дагы уккубуз келет.

Ал эми азыр Ыйса бизге Ыйык

Китеп окуп бересиңби?

Ыйса Ышайа пайгамбардын

Машайак жөнүндөгү айткан эң белгилүү

жерин тапты.

«Теңирдин Руху менде, анткени ал мени кедейлерге жакшы

кабар таратышым үчүн, көрлөргө көз берүүм үчүн, жыгылгандарды тургузуум

үчүн жана Кудайдын өз элин куткаруу убагы келгенин жарыялоо

үчүн майлады».

Бүгүн ушул пайгамбарчылык

аткарылды.

Лука 4:16-21 *Шаббат Кудай баарын жети күндүн ичинде жаратып бүтүп, дем алган күнүн Жүйүттөр он мыйзамдын бири катары

колдонушкан, жуманын ичиндеги диний күн (Башталыш 2:2-3; Чыгуу 20:10).

Синагога Шаббатты тосуу үчүн Жүйүттөрдүн табынуу үчүн келген имараты болчу. Ал ошондой

эле коомдук иштер үчүн жана мектеп катары да колдонулуп келген. Шаббат жуманын акыркы күнү болгондуктан, Жүйүттөр бул күндү ыйык

тутушуп, ал күнү бардык иштерди токтотушкан.

184

Page 9: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Сен жыгач устанын эле

уулусуң.

Тынчтангыла. Биз сыгып баратабыз.

Муну ташбараңга

алгыла. Ал өзүн-өзү Машайакмын

деп жатат.

Ыйса жана анын шакирттери көлдүн жээгинен орун алган жана шакирттеринин кээ бир шакирттери жашаган шаар,

Капернаумга келишти. Алар дагы бир синагогага киришти.

Пайгамбар, - Машайакты бутпарастар үчүн жарык болот, себеби алар ага ишенишет, - деп

айткан. Кудайды көрүүгө татыктуу болгон таза жүрөктүү адам бактылуу. Кудай адамдын кайдан келгенине карабайт, ал

жүйүтпү же бутпарспы, Ал баарын бирдей кабыл алат.

Кудайдын Ыйыгы!

Бизге тийбе.

Мен сеин ким экениңди билем! Сен Кудайдын Ыйыгысың.

Ал жиндерге толуп калыптыр. Чыгаргыла аны

бул жерден.

Биздин убак келгенге чейин бизди талкалайын

деп келдиңби? Бизге тийбе. Биз сага эмне кылышыбыз керек?

Ким муну бул жакка киргизди? Абайлагыла! Ал

абдан коркунучтуу.

Жиндер,мен силерге буйрук берем,

чыгып кеткиле бул адамдан жана ага кайтып келбегиле.

Кудайга акаарат келтирүү!

Лука 4:28-35

185

Page 10: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Кет!

Иаааааааа!

Аны эмне кылдың?

Ал өлдүбү?

Жиндер чыгып кетишти. Сен эми бошсуң. Эми бар бара бер, бирок

башка күнөө кетирбей жүр.

Бир заматта, ал өйдө турду.

Ыйсада жиндердин үстүнөн толук

бийлик бар. Бул адам кадикидей

эле адам.

Петир, сиздин колуктуңуз үйүңүзгө чакырып жатат. Анын апасы ысытмалап, аябай катуу

ооруп калыптыр.

Биз келебиз.

О Петир, күйөөм, абдан өкүнүчтүү. Ысытмасы улам

жогорулап баратат.

Коркпо. Устат бул

жерде.

Марк 1:25-30; Лука 4:35-38

Кудайга даңк!

186

Page 11: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Тур, урматтуу аял, сенин

ооруң чыгып кетти.

Ал туруп жатат! Ал сакайып калды!

Ал ордунан туруп, Ыйсага жана анын шакирттерине

кызмат кылып жүрдү.

Айыгуу жөнүндө сөз тарап, Ыйсага көп

оорулуу адамдарды алып келе башташты.

Устат, менин атам, менин балачагымдан

бери эле баспай келет. Чоң жыгач анын үстүнө кулап,

анын белин сындырып кетиптир. Эгер колуңуздан

келсе, жардам берип коюңузчу.

Тур да басып жөнө.

Кудайга Алкыш!

Мен баса алат экенмин!

Бул кремет!

Устат менин кызымдын көзү

көрбөйт. Жардам бере аласызбы?

Марк 1:30-34; Лука 4:38-30

187

Page 12: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Ыйык Китеп боюнча: «Көзү азиздер, көрөт»!

– деп айтылган. Сиздин кызыңыз эми көрөт.

Атаке, бул сенсиңби?

Атаке, мен сенин мындай экениңди

билбептирмин, сен мен ойлогондон да

сулуу экенсиң.

Ыйса жана анын шакирттери орозо күндөрү Иерусалимге

кирип келишип, ал ийбадатканада окутуу жүргүздү.

Силер байыркылардын

досторуңду сүй, бирок душманыңды жек көр

дегенди билесиңер, бирок мен силерге

душманыңды сүй жана аларга жакшылыгыңды

аяба деп айтам.

Эгер силерди бирөөлөр каргаса, силер алар үчүн ак-бата сурап

сыйынгыла. Сага башкалардын кандай мамиле кылганын кааласаң, сен да башкаларга ошондой мамиле кыл.

Башка адам сага жамандык кылса, сен аны кечир. Сенин таза

жүрөгүңдү Кудай көрүп, сага батасын төгөт. Эгер сен тынчтыкты курсаң,

сага эң чоң бата тийет.

А көзгө көз, тишке тиш

дегенге эмне дейсиң?

Эгер башка бирөө сенин оң жаагыңа чапса, ага сен жаагыңды тосуп бер. Зордук-зомбулук кылба. Эгер сен жакыныңдын чапаны жок экенин көрсөң, а сенде эки чапан болсо анын бирөөсүн ага бер. Эгер

ал ачка болсо, анда ага тамак бер. Муну көргөн асмандагы атаң, сага ак-бата берет.

Силер киши өлтүрбө дегенди уккансыңар, а бирок мен силерге

мындай айтам: Эгер сен жөнү жок эле бир тууганыңа ачуулана берсең, анда

сен Кудайдын каарына калуу коркунучундасың.

Матай 5:8, 21-22, 38-44, 6:12; Марк 1:34

188

Page 13: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Байыркы мезгилде жашагандарга: «Ойноштук кылба», - деп айтылганын

уккансуңар. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу

менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот.

Динчил адамдар сыртынан жакшы

көрүнүшкөнү менен, алардын ичи

жийиркеничтүү нерселерге толгон.

Алар сырдалган күмбөз сыяктуу. Сыртынан алар жакшы көрүнгөндөрү

менен, ичинен өлүк адамдын денесиндей. Эгер сен аларга караганда адилирээк

болбосоң, анда сен асман падышачылыгына кирбейсиң.

Өлүмгө бара турган жол кенен жана көпчүлүгү ошол жол менен

баратышат.

Мен бейиштин эшигимин. Эгер силер мен аркылуу кирсеңер, түбөлүк өмүргө ээ болосуңар. Ким

башка жол менен жүрсө, ал өз күнөөсүнөн өлөт.

Сен эмнеге Шаббат күнү адамдарды дарылап

жатасың? Шаббат күнү биз иштебешибизди Муса

айтпады беле.

Менин Атам мага Анын ишин аткаруу үчүн жөнөткөн. Мен Ал айткан нерселерди

гана жасаймын.

Сен өзүңдү Кудайга теңеп жатасың. Ал Ага каршы чыгуу

дегенди билдирет; андайлар өлүм менен жазаланат!

Алар Атаны сыйлагандай эле анын Уулун да сыйлап, ага табынышсын деген Асмандагы

Атанын эрки да.

Өлгөндөр да менин үнүмдү угуп, кайра тирилишип, кээ бири түбөлүк өмүргө жана

кээ бири түбөлүк тозокко кеткен маал келет.

Бул чыны менен эле Машайак. Биринчиден

ал кереметтерди көрсөттү, эми кайраттуу чакырык

берип жатат.

Ал тигил динчил адамдардан айырмаланып

турат экен. Ал бийлик өктөм сүйлөп жатат. Тилер аны

өлтүрүп койбогой эле.

Кой, мен барып аялыма

айтып берейин.

Матай 5:27-28, 7:13-14, 28-29, 23:27-28; Жакан 5: 18-19,23, 29-30, 14:6

189

Page 14: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Ал эмнеге түндө келиптир? Ал Ыйса

менен сүйлөшкөнүмдү эл көрүп калбасын деп

келиптирби?

Устат сизди бир Фарисей* көргүзү келип жатат. Ал Жүйүттөрдүн

жетекчиси, ал аябай маанилүү киши.

Мен аны менен

жалгыз сүйлөшөм.

Устат биз Жүйүттүн жетекчилери сенин Кудайдан

келген окутуучу экениңди билебиз, анткени Кудай менен болгон сенден башка эч бир адам мындай кереметтерди

жасай албайт.

Сен кайра төрөлбөсөң Кудайдын

Падышачылыгына кире албайсың.

Сен мени апаңдын курсагына кирип кайра

экинчи жолу чык дегени турасыңбы?

Жок, дене денени жаратат, Рух рухту жаратат. Никодим, менин айтканымды угуп тур. Сен айра төрөлүшүң керек.

Кайра жаңыдан төрөлүү деген

кантип болсун?

Мен айтып жаткан Рухий кайра төрөлүү шамал сыяктуу болуп кайдан келип, кайда кеткени белгисиз. Эгер

сен Кудайдын падышачылыгына кирем десең, асмандан

төрөлүшүң керек.

Муса таягын чөлдө көтөргөндөй эле, мен да асманга көтөрүлүшүм

керек.

Алар жылаандын уунунан өлүшкөн, себеби алар Кудайга

каршы күнөө кетиришкен. Алар жезден жасалган

жылаанга каршканда кайра сакайышып калышкан.

Сандар 21:5-9; Жакан 3:1-14* Жүйүт салтын бекем сактаган, байыркы Жүйүттөрдүн тобундагы адам.

190

Page 15: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Ооба, азыр да бардык адамдар күнөөлөрүнүн айынан, «жыландын

уусунан» өлүп жатышат. Бирок бул жолу мени баары көрүш үчүн асманга көтөрүлөм. Жылан чагып алгандар жез жыланга карап сакайгандай эле, адамдар өз күнөөлөрүнөн

мага ишенүү менен арылышат.

Кудай адамдарды ушунчалык сүйгөндүктөн, өлбөй түбөлүк өмүргө ээ

болсун деп, өзүнүн жалгыз Уулун курмандыкка чалды. Ким Мага ишенсе түбөлүк өмүргө ээ

болот, ал эми ким Мага ишенбесе тиешелүүсүн алат.

Демек, кайрадан төрөлүү гана күнөөдөн арылта алат жана сен боштондукка чыгаруу

үчүн суракта отурасың.

Бул кайра төрөлүү

качан болот?

Мени баары көрүш үчүн асманга

көтөрүлгөнүмдө гана.

Жакан 3:14-18

191

Page 16: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Самариялыктар Иерусаим менен Галилеянын ортосунда жашашкан. Жүйүттөр аларга жакындагандан коркушкан,

себеби алар Самариялыктарды рухий жактан арам деп ойлошкон, ошондуктан

Жүйүттөр алардын шаарларын аралагандан да качышчу. Бир

күнү Ыйса өзүнүн шакирттерин мындай деп таң калтырган:

Жүргүлө, мен Самария аркылуу

өтүшүм керек.

Теңир, алар кир жана жийиркеничтүү адамдар! Алар абдан кедей жана

тартипсиз.

Менин Самарияга барышым Атамдын эрки

боюнча болуп жатат.

Алар чак түштө шаардын сыртындагы

кудукка келип токтошту.

Силер шаарга кирип эт алып

келгиле. Мен силерди мына бу кудуктун

астында күтүп турам.

Сиз өзүңүз эле

каласызбы?Ооба, мен

Атамдын ишин аткарышым

керек.

Ыйса чарчады, суусады жана ачка болду. Бул күн аялдар келүүчү күн болбогонуна

карабай бир Самариялык келин суу алганы кудука келди.

Жакан 4:1-8

192

Page 17: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Сиздин чакаңыздан суу ичсем болор

бекен?

Ха! Сен Жүйүт болуп туруп мендей

Самариялык аялдан суу сурап жатасың? Мен

Жүйүттөр бизге жакындап да койбойт деп ойлодум эле.Эгер сен Кудайдын

белегин жана менин ким экенимди билсең, менден

тирүү суу сурап алсаң болмок.

Сиз мага суу берейин деп жатасызбы? Бирок сиздин идишиңиз жок, ал эми кудук

болсо аябай терең да. Сиз тирүү сууну кайдан алмак элеңиз?

Сен бул кудуктагы суудан ичсең, кайра эле суусайсың. Мен сага берейин деген суу, сенин жаныңдын ичиндеги

түбөлүк өмүр булагы.

Анда мага ошол тирүү суудан бериңизчи, мен мындан ары суусабай

турган болоюн.

Бар, күйөөңдү айтып кел, мен сага ошол суу жөнүндө

айтып берейин.

Менин эч кандай

күйөөм жок.

Сенин беш күйөөң болгон, бирок сен азыр бирге жашап

жаткан эркек сенин күйөөң эмес.

Сиз чын эле менин жашыруун сырымды билген,

пайгамбар экенсиз.

Силер Жүйүттөр Иерусалимде табынуу

жүргүзөсүңөр, а биздин аталарыбыз мына бу тоонун

үстүндө табынышат. Кайсынысы табынуу

үчүн туура жер?

Кудай – Рух. Ага адамдардын колу менен

жасалган ийбадатканада табынуунун зарылчылыгы жок. Кудай чындыкка

ишенип жана рух аркылуу ага табынган адамдарды

издеп жүрөт.

Бизге чындыкты ачып бере турган

Машайактын келип жатканын биз

билебиз.

Сен Машайак менен

сүйлөшүп жатасың.

Мен барып досторумду таап

аларга айтып берейин!

Ыйса Самарияда эки күн адамдарды окутуп жүрдү.

Жакан 4:7-29, 40

193

Page 18: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Бир жолу Ыйса жана анын шакирттери Галилея көлүнүн жээгиндеги кырда турушкан.

Анан ал жерге шаардан бир нече миңдеген адам анын окутуусун укканы келишти.

Кедейлерге акча бергениңди, бирөөгө

көрүнүү үчүн жасаба.

Динчил адамдарга окшоп бирөөгө көрүнүү үчүн кээ бир

диний нерселерди жаганың үчүн асмандагы Кудайдан мактоо

албайсың. Ошондуктан бирөөго садака берип жатканыңда оң колуң берип жатканды сол

колуң билбесин.

Сен сыйынып жатканда, эки

жүздүүлөргө окшоп, башкаларга көрүнүү

үчүн кылба.

Динчил адамдарга окшоп, сыйынып жатып жаттап алганыңды кайталаба.

Устат, кеч кирип да калды, адамдар кечке чейин

биз менен болушту. Алар ачка болуп калышты, барып тамак

алып келели десек, жакын ортодо шаар да жок экен.

Сиз аларды тамак алып

жесин деп коё бериңиз.

Устат сиз менин түшкү тамагымды алып

жеңиз. Менин апам мага беш нан жана эки балык

түйүп берди эле.

Бардыгын отургузгула, биз аларды тейлейбиз.

Эмне менен?

Матай 14:15, 6:1-7, 6:19-21

Бай боломун деп бүт энергияңды жана убакытыңды ага жумшаба. Бай адамдардын түйшүгү көп болот, алар өзүнүн байлыгын сүйүшөт, ошондуктан алардын асман падышачылыгына

кириши абдан кыйын.

Байлыгыңды жерге топтобой, асманга топто, ал түбөлүккө жетет. Силер бир эле убакта эки Устатга, Кудайга жана

акчага, кызмат кыла албайсыңар. Аягында алардын бирин сүйүп, бирин жек

көрүп каласыңар.

194

Page 19: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Кана бизде эмне бар экенин көрөлүчү. Демек

биз балык менен нан жейт экенбиз.

Бирок Устат, муну менен 5000 эмес,

бир адамды да тойгуза албайбыз.

Он эки себетти колуңарга алып, тамак таратканга

даярдангыла.

Сенин атың ыйык болсун, О

бизге жерден нан берген, ааламдын

падышасы, Кудай-Теңир.

Ал эмне тээ тиги бир аз

тамакты идишке салып жатабы?

Карагылачы! Мынча тамак кайдан келди.

Матай 14:19-21; Лука 9:16-17

195

Page 20: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Кудайга даңк!

Ал асмандан Мусага окшоп

нан алып берет.

Апа мен буга ишенбейм!

Адамдар идиштерден балык жана нан алып башташты. Ал эми ал

идиштин ичиндеги тамак көбөйгөндөн

көбөйдү.

Устат, бардыгы тамак жеп бүтүштү,

бирок себеттерде дагы эле толо тамак жатат. Биз аларды бошото

албай жатабыз!

Калганын чогулуп туруп көлдүн аркы өйүзүнө кеме менен

сүзүп өтө бергиле. Мен силер менен кийинчерээк көрүшөм. Мен тоонун

ичине кирип сыйынуум керек.

Ыйса тоо жакка жөнөдү, ал эми анын

шакирттери кеме менен көлдүн аркы өйүзүн

карай сүзүп кетишти.

Чөлдө Ыйса бат-бат жалгыз калып сыйынып турчу.

Матай 14:20-23

196

Page 21: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Шакирттер көлдүн так ортосуна барганда, катуу бороон

башталып, алар кеме чөгүп кетет го деп коркушуп турду.

Мындай бороондуу

шамалды эч качан көргөн

эмесмин.

Биз буга туруштук

бере албайбыз.

Биз чөгүп кеткени калдык!

Карагылачы! Суунун үстүндө

бир нерсе турат!

Ал арбак!Ал арбак!

Суунун үстүндө адам басып келе

жатат!

Суунун үстүндө адам

басып келе жатат!

Устат, эгер бул Сиз болсоңуз, мага да Сага окшоп суунун үстүндө

басууга уруксат бериңизчи.

Кел мага, Петир.

Матай 14:24-29

197

Page 22: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Мен келе жатам, Теңир.

Жок, Петир!

Петир эми эле Ыйсаны карай бара жаткан.

Петир чоң толкунду көрүп, Ыйсаны көрбөй калганда,

ал коркуп баштады.

Анын ишенимин коркунуч бузганда, ал сууга чөгө баштады.

Теңир, куткар мени!

Матай 14:29-30

198

Page 23: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Петир, сен менден

шектене баштадың.

Ыйса Петирди колунан жетелеп, экөө суу үстүндө

басып келип кемеге киришти.

Петир, сен суу үстүндө

бастың!

Ыйса бороонго буйрук бергенде, ал заматта

токтоп калды.

О Теңирим менин күнөөм

үчүн, мени калтырыңыз.

Албетте, сен Кудайдын Уулусуң.

Ысрайылдын Машайагы.

Менин Теңирим

жана Кудайым.

Тынч бол.

Матай 14:31-33

199

Page 24: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Кийинчерээк.

Майрам күндөрү бул жерде абдан адамдар

көп. Азыр бул жерге бардык өлкөлөрдөн келишти; ары жагы Римден бери жагы

Мисирден.

Жүргүлө көлмөгө

барып келели.

Мен эстегенден, ал ар дайым ушул

жерге келет.

Айыккың келеби?

Мага эч ким жардам

бербейт.

Тур да керебетиңди алып, жөнө.

Сен Ыйсасың ээ? Мен сенин кереметтериң

жөнүндө укканмын.

Бул эмне деген орду жок тамаша.

Бул байкуш 38 жылдан бери аксак.

Бул биздин ыйык Шаббатыбыз. Ал бизге

тоскоолдук кылгандай эч бийликке ээ эмес.

Жакан 5:1-8

200

Page 25: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Менин угушума караганда аны алып

таштоо үчүн, кыймыл түзүлүп жатат. Ал

өзүнө өтө көп көңүл бургузуп жатат.

Ооба, анын кереметтерине

ынанган адамдар бар.

Ким бул Ыйсанын Машайак экендигине

ишенсин?

Анын буттары! Алар өсүп жатышат!

Кудайга даңк! Ушунча жылдан

кийин!

Мындай болушу

мүмкүн эмес!

Ал туруп баратат!

Ыйса Машайак!

Сен эмнеге Шаббат күнү айыктырып жатасың?

Шаббат күнү дем алгыла деп Муса айткан.

Аңга түшүп кеткен эшегиңди Шаббат күнү чыгарганга мүмкүн.

Мен аксакты Шаббат күнү айыктырганым, мыйзамды

бузганымбы?

Менин Атам Шаббат күнү да иштейт, а мен болсо, ал кылганды

гана кылдым.

Лука 14:5-6; Жакан 5:9-17

201

Page 26: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Кудай менин Атам, дейт ал.

Ал өзүн Кудайга теңеп жатат.

Кармагыла аны! Ал

ташбараңга алынып,

өлтүрүлүшү керек.

Өлтүргулө аны!

Силер эмне, Шаббат күнү адамды айыктырган үчүн эле

адамды өлтүрө бересиңерби?

Ал биздин мыйзамга

каршы чыгып жатат.

Ал мыйзамга каршы эс

нерсе айткан жок.

Анын айтканын угуп тургула.

Мен мындамын. Силер бул көрсөткөн кереметке таң

калып жатасыңар. Мындан улуу кереметтерди көрөсүңөр. Атам өлүктү тирилткендей эле, мага да ошондой бийлик берилген.

Атам мага бул дүйнөнүн үстүнөн толук бийлик жүргүзүүгө

жиберген.

Эгер силер мени сыйлабасаңар, Кудайды сыйлабаган болосуңар.

Анын мени жөнөткөнүнө ишенгендер, түбөлүк өмүргө ээ болушат.

Сен кантип түбөлүк өмүр бере аласың?

Өлгөндөр жаткан жерлеринен менин унүмдү угуп чыгып келген маал келет. Ким жакшылык кылган болсо,

ал түбөлүк өмүргө ээ болот, ал эми ким жамандык кылса, түбөлүк тозоктун

отуна барып түшөт.

Бул болбогон кеп; эч ким өлгөндү тирилте албайт.

Кудай гана туболүк өмүр бере алат.

Жакан 5: 18-29

202

Page 27: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Силер мага ишенбейсиңер, бирок менин келишим жөнүндө

Жакан айткан жана ошондой эле Ыйык Китепте жазылган.

Ыйык Китепти карап чыккыла, көптөгөн пайгамбарлар мен жөнүндө айтып кетишкен.

Бизди Кудайдын алдында ал каралайт экен деп ойлобогула. Мусанын мыйзамдарына баш ийбей

күнөө кетиргениңер, силерге каршы күбөлүк

болот.

Өлтүрөбүз деген киши ушубу, ал дагы деле шерденип сүйлөп жатат го.

Алар болсо ага эс нерсе кыла албай жатышат. Башчылар мунун чынында

эле Ысрайылдын Машайагы экенин билишеби?

Ыйык Китептей Машайактын каяктан

келгенин эч ким билбейт, бирок биз аны тааныйбыз

ал Галилеялык болот.

Сен мени жана менин кайдан келгенимди билемин дедиң. Мен бул жер бетине өзүм келген жокмун. Мени Атам жөнөттү, бирок силер

Аны билбейсиңер, бирок мен Аны билем жана Ал мени

силерге жиберди.

Ал баарын билет.

Ал мени кантип угуп

койду?

Сен эмне, Машайак келсе мындан да көп

кереметтерди жасайт эле деп күттүң беле?

Тез баргыла да Кудайга каршы сүйлөгөн эмени камап салгыла.

Адамдар ага ишенип

башташты. Аны тынчытыш керек.

Бу сапар жаман болот

окшойт.

Бул алдын ала айтылган

Машайак.

Жакан 5:30-39,45,6:42-43, 7:25-32, 40-41

203

Page 28: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Адилдикке суусагандар

баталуу, анткени алар толтурулат.

Тынчтык орноткондор баталуу,

анткени аларды Кудайдын балдары деп аташат.

Душманыңарды сүйгүлө жана баталагыла.

Эгер ким суусаса, аны мага жөнөткүлө, мен ага суу берем.

Ыйык Рух анын ичинде суу кудуктун булагындай түбөлүк

өмүр берип турат.

Ал кылмышкерге

окшоп сүйлөбөйт экен.

4000 жыл мурда айтылган

пайгамбарчылыктын болушу ал экен деп

жатышат.

Эмне үчүн аны алып келген жоксуңар?

Ал сенин алдыңда турган болчу. Эмне үчүн аны

кармабадыңар?

Ал сүйүү жана кечиримдүүлүк жөнүндө гана сүйлөйт экен. Ха, ал силерди да алдаптыр

да ээ? Деги эч бир билимдүү башкаруучулар же фарисейлер ишеништиби ага? Бул Ыйса

өлүш керек.

Андай эч ким сүйлөгөн эмес.

Түн ичинде Никодим келип Ыйса менен сүйлөшүптүр.

Биздин мыйзам боюнча ар бир адам ким менен

сүйлөшкөнүн айтып турушу керекпи?

Сен аны ээрчиген Галилеялыктардансыңбы?

Ыйык Китепти карап көргүлө Машайак Галилеялык эмес. Ал

Жүйүттүн Бейт-Лехем деген жеринен болуп жана ал Дөөттүн

тукумунан болуш керек.

Матай 5:6, 9; Жакан 4:14, 7:45-52

204

Page 29: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Ал жөнөкөй адамдарды өзүнүн калпы менен алдап

жатат.

Бардык суроолорго анда жооп бар экен.

Аны адаштыруу үчүн, биз ага

көбүрөөк мыкты мыйзамчыл адамды

жиберсек кандай болот?

Мен бир мыйзамды жакшы билген адамды

билем. Ал мыкты жана катаал адам.

Сен өз сурооңо жооп бердиң. Сүйүү – мыйзамды

аткаруу. Эгер сен жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүйсөң, Кудайды кубандырасың.

Мыйзамдын адамы Ыйсага талашып-

тартышканы келди.

Устат, түбөлүк өмүргө

ээ болушум үчүн эмне кылышым

керек.Мыйзам

бул жөнүндө эмне дейт? Ал, өз Кудай-

Теңириңди бүт жүрөгүң жана жан дилиң менен сүй жана өзүңдү кандай

сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй.

Мен сага бир окуяны

айтып берейин.

Иерусалимден Жерико деген жерге бараткан адамды жолдон

каракчылар тосуп алып аны тоноп, сабап, кийимдерин чечип

алып, ошол жерге өлө берсин деп таштап кетишет.

Бир дин кызматкери өтүп баратып, тигинин жолдо жатканын көрүп,

бирок аны айланып өтүп кетип калат.

Ооба, бирок кайсы жакынымды? Сен баскынчы

Римдиктерди кошуп, бардыгын айтып жаткан жоксуңбу?

Лука 10:25-31

205

Page 30: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Леби сыяктуу, ийбадатканада кызмат кылып жүргөн адам,

жараланып жаткан адамды көпкө тиктеп туруп, бирок ал да жардам

бербей кетип калат.

Эгер сен сүйгүлө деп айтып, бирок сүйүүңдү

көргөзбөсөң андан эмне пайда? Эгер сен жакыныңды

сүйбөсөң, Кудайды да сүйбөйсүң.

Анан ал жерден Жүйүттөр жек көргөн жана таза эмес деп

эсептелген Самариялык адам өтүп баратты. Ал жолдо жаткан

жараланган, кийимдери жок жаткан адамды көрүп, анын Жүйүт экенине көңүл да бурбады.

Самариялыктын ага боору ооруп, жардам берүү үчүн токтоду.

Самариялык адам аны тазалап жана

анын жараттарын таңды. Анын сүйүүсү

сөз менен эмес иш менен көрүнүп турду.

Ал дем алып жана айыксын деп, Самариялык адам аны өзүнүн эшегине

өңөрүп алып мейманканага алып барды.

Абайла. Мен сенин

алдыңда бармын. Жакында сени

төшөккө жаткырам.

Мен сага ал үчүн эки жумага чейин жашап жана тамак ичкени үчүн төлөйм. Эгер ага дагы көбүрөөк убакка чейин

дарыланышы керек болсо, мен кайра өтүп баратып

төлөп кетем.

Лука 10:32-35

206

Page 31: Kyrgyz Ch 8 - Resources For Missions · абдан эле аз убакыт болобуз – Шаббатка чейин. Ыйса, үйрөнгөн адаты ... менен келгенине

Сен менден, менин жакыным ким деп

сурадың. Эми сен мага айтып берчи, ошол үч кишинин

кимиси ага жакын?

Албетте, ага кайрымдуу болгон адам.

Таң каларлык.

Анда силер да ошол Самариялык

адамдай иш жасагыла. Силер жакыныңарды

сүйө аласыңар.

Акмак! Алып чыккыла аны Ыйсага

ишенип кала элегинде. Бул эмне деген

келесоо окутуу? Муну колдонуп

болбойт. Кээ бир адамдар сүйүүгө

сүйүү менен жооп бербейт.

Силер канга кан жанга жан деп айтканды уккансыңар, а мен силерге

мындай демекчимин, душманыңарды сүйгүлө, силерди каргыштаганга

батаңарды бергиле, силерге ачууланып, куугунтуктагандарга сыйынгыла.

Матай 5:43-44; Лука 10:36-37

207